Доклад на тему Наставничество

Раздел Завучу
Класс -
Тип Статьи
Автор
Дата
Формат docx
Изображения Нет
For-Teacher.ru - все для учителя
Поделитесь с коллегами:

Мектепте методикалык иштерди алып барууда насаатчылыктын мааниси жана анын багыттары

Иш ордунда окутууну, билим берүүнүүнүн сапатын көтөрүүнүн натыйжалуу аспабына айландыруу зарыл. Айрым системаларда бул насаатчылардын жардамы менен ишке ашат.

Насаатчылык - бул практикалык ыкмаларды жумушчу орунда окутуунун формасы. Насаатчылык адамдын профессионалдык компетенциясын көтөрүүгө багытталган. Бирок бул жерде эки чектөө бар.

Биринчиси: Насаатчынын билими жана машыгуусу чектөөсүз эмес. Насаатчынын алдындагы жаш мугалим эртели кеч өзүнүн насаатчысынан ашып кетүүсү мүмкүн. Мындай учурларда насаатчылык процесси практикалык маанисин жоготот. Ошондуктан насаатчы алдындагыдан ар дайым сырткы окуунун эсебинен же алдындагы интенсивтик маалымат алмашууда бир кадам алдыда болуп туруусу керек.

Ал эми акыркы айтылгандан экинчи чектөө келип чыгат: насаатчылык мындай учурларда жөн гана практикалык ыкмаларды өнүктүрүү эмес, ишке негизинен башкача мамилени талап кылып түзүлгөн билим системасы.

Насаатчылык сабаттуу түзүлгөн жана туура кызматташтырылган система,

мектеп администрациясы жана билим башкаруусу төмөнкү натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк берет:

1) насаатчынын өзүнүн, насаатчылык системасына тартылгандардын, бардык кызматчылардын профессионалдык деңгээлин жана машыгууларын көтөрүү;

2) профессионалдык статусун көтөрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү жана профессионалдык түзүлгөн мотивацияны күчөтүүнүн эсебинен кадрлардын туруксуздугун төмөндөтүү;

3) таратуучулар, тажрыйбалуу мугалимдердин профессионалдык жоголуу коркунучун төмөндөтүү

Мектеп системасынын жүрүшүндө насаатчылыкты тажрыйбалуу жана квалификациялуу мугалимдер жаш мугалимге өзүнүн билимин жана профессионалдык милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон билим жана ыкманы берүү көрсөтүлөт. Жаш мугалимди бүгүнкү күндө жумуш ордунда натыйжалуу болгон ыкмалардын квалификациясын көтөрүүгө, окутууга өзгөчө көңүлдү бөлөт.
Бирок насаатчылыкты жаш мугалимдин мектеп иштерине көнүү процедурасы катары түшүнбөө керек. Насаатчылык мектеп ичиндеги кең системада көнүүгө болжолдоо убагындагы класс жетекчилердин жана предметтик мугалимдер жаатында өтө тар профессионалдык чөйрөдөгү чечимди карайт.

Насаатчынын ишинин натыйжалуулугу түз эле насаатчы менен алдындагы жаш мугалимдин, жана башка кызматчылар , жетекчилер менен өз ар байланышуу системасынын туура түзүлгөнүнө байланыштуу. Алардын реалдуу өздөштүрүлүшүнө бирдиктүү киришүү түзүлүшү керек. Берилген билим жана ыкмалар ушундай гана учурларда гана практикалык ишке ашуу болот. Алардын биргелешүүсүнө түрткү болгон, эгер эки тарапта тең далили болсо, насаатчылык өзүнүн жакшы жемишин берет, мисалы;

Насаатчы

Алдындагы жаш мугалим

өзүн- өзү бекитүү

бийликти көрсөтүү

тарбиялоо

жоопкерчилик

тынчсыздануу

патернализм

кадырын көтөрүү

жардам, өз ара жардамдашуу

рейтингин көтөрүү, статус

жетекчиликти жактыруу

Насаатчы -бул алдындагы жаш мугалимге бере турган зарыл болгон билим жана ыкмаларын, ошондой эле бул иштер үчүн зарылдыктарга ээ болгон ар бир тажрыйбалуу мугалим ойной алган роль.

Насаатчылыктын ролун ким алаары коюлган маселелердин өзгөчөлүгүнө жараша болот. Насаатчынын ролундагы кандидат төрт негизги компетенцияга ээ болушу керек:

1) профессионалдык ыкмаларды берүүдө эксперттикке ээ болуу;

2) эң жакшы коммуникативтик ыкмалар- элдер менен тил табышып кетүү;

3) жакшы административтик ыкмалар- ойду так айтууну жана маселелерди коюну билүү, аткарылган иштерди уюштуруу жана текшерүү, натыйжаларды анализдөө жана корректировкалоо.

4) өзү окуу - насаатчыга насаатчылык иштерден жаңы билимдерди, ыкмаларды жана тажрыйбаларды сууруп чыгууга мүмкүндүк берилген сапат.

Ал эми жаш мугалимди жаңы тексттерди жазуууга мүмкүн болгон ак барак сыяктуу кабыл алууга болбойт. Ар бир жаш мугалим майда-чүйдөдө насаатчы үчүн жана бүтүндөй окуу процесси үчүн пайдалуу боло турган белгилүү тажрыйба жана билимдин өкүлү болуп саналат.

Аларды убагында байкап жана туура колдонууну билүү керек.

Биздин Чүй районундагы ОнБир-Жылга айылынын А.Керимбаев атындагы орто мектебинде 30 мугалим эмгектенет,алардын көпчүлүгү жогорку квалификацияга ээ,калган мугалимдер мугалимдик кесипти ийгиликтүү өздөштүрүп жатышат. Насаатчылык боюнча иштер жакшы жолго коюлган.

Мектепте насаатчылык жана түрдүү окутуу программаларын өз алдынча иштеп чыгуу боюнча көндүмдөргө ээ тажрыйбалуу мугалимдер иштешет. Мектепте өзгөчө жаш мугалимдер менен иштөө жакшы жолго коюлган. Анын үстүнө мектептин тажрыйбалуу мугалимдери командада иштей алышат,өз тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр,аны райондук семинарларда,конференцияларда жана башка иш чараларда көрсөтө алышат жана насаатчылар мугалимдерге" окутууну,жакшыртууну ,пландаштыруу окутуунун милдеттерин кое билүү жана чече билүү,окуучуларды формативдик баалоо системасын өздөштүрүү" боюнча усулдук жардам көрсөтүп турушат. Мугалимдер окутуунун жана тарбиялоонун жаңы технологияларын биргеликте үйрөнүү менен аларды практикада колдонуп,андан кийин натыйжаларды жалпылап аларды райондук ,областык республикалык денгээлде алып чыгышат.Ошондой эле биздин тажрыйбалуу мугалимдер окуу китептерин,көрсөтмө куралдарды чыгарууда автор болуп да катышып келе жатышат. Аларды атап кетсем, Жумалиев Ч.А-тарых сабагынын мгалими, Барыктабасова Т- адеп сабагынын мугалими

Семинарларды,тренингди ,педагогикалык өнөркананы,чеберчилик класстарын өткөрүү үчүн усулдук иштин багыттары:

  • Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл көз карашты өнүктүрүү

  • Мектепти жакшыртуу

  • Көп маданиятуу жана көп тилдүү билим берүү

  • Жогорку класста сабакты уюштуруу формалары

  • Окутуунун инновациялык усулу

  • Таланттуу жана начар жетишкен балдарды психология-педагогикалык жактан колдоо жана жекече окутуу

  • Өнүктүрүүчү окутуунун технологиясы

Район боюнча ресурстук борборлор ар бир мектепте ачылган.Мындай ресурстук борбор биздин мектепте да ачылган- бул райондун мектептеринде кесиптештеринин иштерин үйрөнүү жана өз ара кызматташуу, мугалимдер үчүн нормага айланган.Ар бир мугалимдин ачык сабак өтүшү жана ал сабактарга кесиптештеринин чоң тобунун катышуусу талап кылынат: бул алдыңкы тажрыйбанын жайылышына өбөлгө болот,ачык сабактар мугалимге өзүнүн иши туурасында башка адистердин пикирин угууга мүмкүнчүлүк берет жана мугалимдин өз сапаты үчүн жоопкерчилигин жогорулатат, натыйжаларды баалоого жардам берет.Мектептеги усулдук кеңешти директордун окуу -тарбия иштери боюнча орун басары жетектейт. Отурумдар чейректе бир жолу болот,көбүнесе кенири отурумдар өткөрүлөт. Ар бир иш чара (семинарлар,тренингдер,педагогикалык окуулар, майрам, фестивалдар ж.б ) документтештирилген б.а портфолио,сүрөттөр,кошумча материалдарды көрүүгө болот. Мектептин ар бир мугалими ошондой эле жаш мугалимдер да портфолиону колдонуп,класстык иш-чараны же ачык сабактарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алат,колдонуунун өзгөчө шарты өзүнүн табылгасы менен папканы толуктай алат. Бири -биринен сабак алып жаткан мугалимдерге шарт түзүп берүү -билим берүү системасынын эң маанилүү маселелеринин бири.Демек бир жумага сабактардын жүгүртмөсүн түзүүдө мугалим үчүн бир усулдук күн бөлүнүшү керек,ал аны өзүнүн билимин жогорулатууга жана кесиптештеринин сабактарына катышууга жумшайт

жана усулдук адабияттын жаңыланышы эске алынышы керек.

Насаатчылык кыска мезгилдин ичинде окутуунун натыйжаларын олуттуу жакшыртууга мүмкүнчүлүк бере алат жана ишти баалоо жана кайтарым байланыш мугалимдердин өз ишине канааттангандык сезимин жогорулатат.



Чүй районун ОнБир-Жылга айылындагы Абдыралы Керимбаев атындагы орто мектебинин директору Манаева Чынаркан Сатаровна



© 2010-2022