Урок на тему Жыгач устачылык

Раздел Основы безопасности жизнедеятельности (ОБЖ)
Класс -
Тип Другие методич. материалы
Автор
Дата
Формат docx
Изображения Есть
For-Teacher.ru - все для учителя
Поделитесь с коллегами:

Жыгач устачылык

Жыгачтан түрдүү буюм жасоо чеберчилиги. Буга жыгач буюмдарын жасоо, алардын бөлүктөрүн бири бирине туташтыруу, бекитүү (аштоо), жыгачты механикалык жол менен иштетүү, желимдөө, фанерлөө, сүргүлөө, куроо, жасалгалоо, жылмалоо иштери кирет. Жыгач усталар кыргыздарда жыгаччы же түндүкчү, ээрчи, кырмачы, тактачы, комузчу болуп бөлүнгөн. Жыгаччылар - боз үйдүн жыгачтарын; ээрчи - ээр, айырмач, ыңырчак; кырмачылар- аяк, табак, чара, чөмүч, тепши, челек, чыныкап, кашык, соку, сокбилек, ийик; тактачы - сандык, жагдан, такта, бешик, үкөк, чана, чарпая; комузчулар- комуз, кыяк, чоор, тактеке, добулбас жасашкан.

Үкөк

Жыгачтан жасалган ашкана буюму. Жыгач усталардын чеберчиликтерин баамдатаар үкөккө ар кандай тамак-аштар сактала турган. Ал - бир эсептен жыгач сандыкча. Муну кайыңдан, теректен, карагайдан, арчадан, жыгачтан, өрүктөн жана башка ушул сыяктуу ар түркүн жыгачтардан жасашат. Үкөк баштапкы абалын сакташы үчүн жыгач уста тактайды татынакай кургатат. Болжолдо, үкөктүн узуну 80-100-95-102 см, туурасы 40-50- 45-55 см болсо сыйда көрүнөт. Мунун бийиктиги 40- 50-55 см келет. Үкөктүн капкагын эки допшо менен бекитет. Маңдай бетинен ортосуна кадай турган кичинекей кулпу салгычы болот.

Үкөк көчмөндүү турмушка шартташкан. Аны өтө эле көлөмдүү эмес, орточо жасоо максатка ылайыкташкан. Жыгач чеберлери үкөктүн маңдай бетине элдик көркөм оюм-чийимдерин түшүрүшкөн.

Жыгачка көркөм оюм түшүрүү үлгүсү мына ушул буюмдан баамдалат. Абалы, мунун бетине түшүрүүчү оюмду шибеге аркылуу акырын билинээр-билинбес негиздеп алат. Анан анын изин бычак менен үстүнөн дааналайт. Текенин мүйүзүнөн учтуу таякча жасап, ошону менен алиги чийимдин артынан дааналап салмак менен басканда көркөм оюм-чийим кашкаят. Түшкөн жыгач кооздугу чагарак имерилип, ич ара шайкеш жана төп келип, көбүн эсе негизги «мүйүз-оюмун» («кочкор мүйүз», «кош мүйүз», «теке мүйүз», «кулжа мүйүз») элестелет. Мында шырдактай «табак оюмдары» да орун алат. Үкөктүн жыгач оюму рельефтүү келет. Оюмду жаратуу үчүн мүйүздөй эле учтуу жумуру темирди да пайдаланышат.

Үкөк - элдик жыгаччылык өнөрүндөгү көркөм нуска. Бул үйгө өзүнчө көрк берет. Анын ичине баалуу буюмдарды катууга болот. Ал адими буюмду күбөдөн жана чаңдан сактайт. Муну салттуу үлгү катары кайрадан өнүктүрүү жыгаччылардын асыл милдети болуп саналат.

Мырза теректен буюм кармоо жеңил, ага көркөм оюм-чийимди түшүрүү өтө ийкемдүү келет. Үкөк оюмдары бул унутулуп баратылган көркөмдүктү кайрадан эске салат. Кадимки «Кыял оюмунун» элементтери «кулжа мүйүз», «мүйүз оюму» менен тирелишип, ич ара табак оюмду түзүп тутумдашып турат.





Жыгач уста

Урок на тему Жыгач устачылык

Жыгачтан ар кандай салттуу буюмдарды жасоочу чебер.
«Уукчу», «Керегечи» боз үйдүн уук-керегесине, босого-таягына узанат. «Түндүкчү» жалаң боз үйдүн түндүгүн кармайт. «Ээрчи» - эр ээрин, айырмачты, ыңырчакты, «Кырмачы» - табакты, чараны, аякты, челекти, сузгуну, чөйчөктү, кашыкты, сокуну, чыны кутуну, бишкекти, «Тактачы» - сандыкты, үкөктү, жагданды, жүк тактаны, саба тактаны, чананы, чийнени, чарпаяны, «Комуз уста» - комузду, кыякты, чоорду, тактекени, добулбасты, жыгач ооз комузду, темир комуздун кутучасын жасайт.

Европа элдеринде жыгаччыларды «ак жыгаччы», «кызыл жыгаччы» деп даңазалап, чеберчиликтерин дааналап бөлөт. Кызыл жыгаччы - өнөрдүн эң жогорку чеги. Мындай мамиле чыгармачылыкты, өнөрдүн өсүшүн, ага жасалган камкордукту далилдейт. Биринен бири үлгү алып, устасынан ашып түшкөн шекирттери жыгаччылыктын суусун ичкен айлакер чеберлер болуп саналат.

Урок на тему Жыгач устачылык

Художественная обработка дерева

Прикладное творчество кыргызов, как и любого народа, тесно связано с их бытом, условиями жизни. Эта связь находит свое проявление во всех видах традиционного искусства и в частности, в изделиях из дерева

Природа Кыргызстана предоставила в распоряжение мастеров по дереву (жыгач уста), замечательное пространство. Горы его изобилуют породами деревьев, с разнообразными по твердости и упругости качествами древесины. И как следствие мастера оценили для своих поделок иву, тополь, арчу, березу, карагач, урючное, яблоневое и ореховое деревья, сосну, ель. Широко использовались и корни дикой вишни, березы, упругие, крепкие и гибкие ветви таволги.

Урок на тему Жыгач устачылык

Киргизские мастера овладели разнообразной техникой обработки дерева. Накоплен большой опыт по изготовлению вещей, украшающих предметы жилища, утвари, конского снаряжения. Определились формы изделий из дерева, освоено искусство резьбы, росписи, мастерство вытачивания посуды, утверждены практикой орнаменты, основы их композиции.

Организованное киргизским народом повседневное жилище - юрта - украшалась резьбой и росписью. По своей конструкции юрта сама по себе декоративна. В ней удивительно гармоничны ее подвижные решетчатые стены, скрепленные из слегка изогнутых планок, ее высокий купол, составленный из тонких согнутых жердей, поддерживающих обод дымового отверстия. Для большей выразительности конструктивные части юрты (кереге, уук), помимо, окрашивания их минеральными красителями, мастера украшают рядами углубленных полос, а обод покрывают трехгранной выемчатой резьбой.

Урок на тему Жыгач устачылык

В искусстве украшения изделий из дерева особо выделяется рельефная резьба, характеризующаяся четким построением узора из спиральных и рогообразных завитков, столярных знаков, розеток. Своеобразный стиль резьбы по дереву создают повторы традиционных орнаментальных мотивов. Плавность узорных линий, их четкость и орнаментальная согласованность придают предмету образность и живописность. Рельефной резьбой щедро украшались двери, створки которых обращены наружу, и притолоки, обращенные внутрь юрты. Они смотрятся как замечательные произведения народного искусства.

В современном кыргызском сельском быту искусство традиционной резьбы, росписи, вытачивания на токарном станке утрачивается, что в принципе диктуется новым временем и накладывается на осознание необходимости предмета недавним кочевником. Но любовь к традиционным украшениям дерева на этническом уровне сохраняется, хотя выражается она в совершенно иных формах: в росписи столиков для еды, в поделке декоративных стенных полочек, в орнаментации их контурной резьбой. Вырезают также орнаментальные розетки для украшения потолков и дверей дома. Профессиональные мастера используют дерево для изготовления многих новых декоративных вещей: тарелок, шкатулок, сосудов и пр. В качестве нового материала стал использоваться ореховый наплыв. В практику вошла полировка, инкрустация деревом. Вероятно это связано с пришлыми идеями которые диктует современный рынок.

Урок на тему Жыгач устачылык



© 2010-2022