Математический КВН (5-класс) на тему Повторение натуральных чисел

Раздел Математика
Класс 5 класс
Тип Конспекты
Автор
Дата
Формат docx
Изображения Есть
For-Teacher.ru - все для учителя
Поделитесь с коллегами:

КВН

Сабактын темасы: Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат.
Сабактын максаты: а) Окуучулардын жыл боюнча өтүлгөн материалдар боюнча түшүнүктөрүн жыйынтыктоо, алган билимдерин бекемдөө, көндүмдөрүн калыптандыруу, өтүлгөн ар бир тема боюнча алган түшүнүктөрүн оозеки жана жазуу жүзүндө жооп бере алганга жетишүү жана аны эс тутумуна бекем сактап калуусуна шарт түзүү. Предмет аралык байланышты чыңдоо.
б) Алдыга коюлган тапшырманы чечүүгө жоопкерчилик менен мамиле жасоого, тактыкка, эмгекти сүйүүгө, тыкандыкка, тазалыкка, баштаган ишти аягына чыгара билүүгө, лидерликке умтулууга, бирөөнүн оюн уга жана сыйлай билүүгө, топ менен иштей билүүгө үйрөтүү, көркөмдүк табитин өстүрүү.
в) Окуучуларды берилген суроолорго тез шайыр жоопторду таба билүүгө, шыктарын жана жөндөмдүүлүктөрүн арттыруучу жагдайларды түзүү, чыгармачылыгын арттыруу.
Сабактын жабдылышы: Сабак өтүлүүчү класстын дубалына математикалык цитаталар, математикалык ырлар, команданын аттары жазылган көрнөктөр илинет, партанын үстүндө КВНдин тапшырмаларына керектүү фигуралар жайылат, оозеки жооп алуу үчүн даярдалган билеттер, ватман маркерлер ж.б.
Сабактын формасы: Класстан тышкаркы сабак - КВН
Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу
в) Командалардын мелдеши башталат.
Тапшырмалар:
1- тапшырма: Саламдашуу:
1-команда: Атанын улуу салтынан,
Акыйкат заман наркынан.
Жалындуу салам айтабыз,
Хор менен: "Намыс" командасынын атынан.
2-команда: Апанын ыйык салтынан,
Билимдүүлөр атынан.
Эсендик салам айтабыз,
Хор менен: "Ынтымак" командасынын атынан.
1-команда: Кана балдар талыкпастан,
Билим кенин казалы.
Билбегенди бул КВНден,
Билип алууга шашалы.
2-команда: Кыялды арттырып,
Санааны калтырып.
Мелдешке аттаналы,
Ишеним артышалы.
Капитан командалар чыгып командасынын аталышын жана төшүндөгү тагылган эмблеманын сүрөттөлүшүн чечмелеп беришет.
Команда мүчөлөрү 2 топ болуп иш столуна отурушат.
2- тапшырма:
Эки командага карточкаларга жазылган 517682349408, 948236710524 сандары берилет. Бул сандарды класстарга жана разряддарга ажыратуу боюнча класстер түзгүлө.
Түзүлгөн класстерге баа берүүдө туура түзүлгөндүгү менен катар эле, анын көркөмдөлгөнүнө да баа берүү керек, башкача айтканда, тарткан сүрөтүнө боёлушуна ж.б. Чыгармачылыгына жараша окуучулар укмуштуудай сонун, атап айтканда, дарак, гүл, пароход, көп бөлмөлүү үй жана башкалардын элесин берүүчү класстерлерди түзүшөт.
3-тапшырма:
Көбөйтүү амалына 1-команда, кошуу амалына 2-команда синквейн түзгүлө.
"Кошуу" амалына түзүлгөн синквейн
1. Кошуу.
2. Оңой,жөнөкөй.
3. Суммаланат, кошулат, көбөйөт.
4. Кошуу-биринчи баскычтагы амал.
5. Сумма.
"Көбөйтүү" амалына түзүлгөн синквейн
1. Көбөйтүү.
2. Кызыктуу, татаал.
3. Эсептелет, көбөйтүлөт, чыгарылат.
4. Көбөйтүү -экинчи баскычтагы амал.
5. Көбөйтүндү.
4-тапшырма:
Чиймеде канча үч бурчтук бар?
Кайсы команда үч бурчтукту көп табат?
5- тапшырма: Ребусту чечкиле (Ребусту чечүүчү тапшырмалар доскага илинет) 2 командага ребустун чечилиши жазыла турган даяр актай чиймеси берилет.
Эгер туура тапсаңар үстүнкү тепкичтеги баш тамгалардан математикалык фигуранын аты чыгат (квадрат).
Ребусту чечкиче бир окуучу жеке номер аткарат
(Ыр бүткөндө ребусту чечүү убактысы бүтөт).
9-тапшырма: "Сан жазуу" деп аталат.
Команданын мүчөлөрү доскага чыгышат. Ар бир мүчөнүн төшүнө 1ден 8ге чейинки цифралар илинет да, (себеби ар бир командада 8ден окуучу бар) мугалим окуган 8 орундуу санды орундарын которуу менен эки команда тең жазышат. Кайсы команда туура жана бат жазат?
Жазыла турган сандар: 82376541, 61437258, 21456873
10-тапшырма: Табышмактар.
Мугалим эки команданын мүчөлөрүнө окуп берет. Алар таппай калса, катышуучулар деле жооп берсе болот. Жооп табууга 1 минутадан убакыт берилет.
1. Суудан эки тамганы сурайбыз,
Ага миңдин 1-тамгасын улайбыз.
Козулардын маараганын
Андан ары улайбыз.
Бул кайсы сөз? (сумма)

2. Кыштын күнү көк асмандан,
Жерге-сууга чачылат.
Ага кошсоң чен бирдигин,
Бир канаттуу жазылат.
Бул кайсы канаттуу? (карга)

11-тапшырма: Бий.
Эки командадан эки окуучу чыгып, кезектешип бий аткарышат. Бул тапшырмага да калыстар тобу баа коюшат.

Хор
КВНдин мүчөлөрү хор ырдашат:

Математика акылдын кенчи,
Ойду өстүрүп, акыл-эс берчү,
Окуйлу сүйүп, эске бек түйүп,
Алалы дайым "4" менен "5"

Мелдештик бүгүн акыл сынашып,
Билими күчтүү алдыга озду.
Арнашып каалоо, куттукташалы,
Окуйлу талбай мамтематиканы!

Мелдештин жыйынтыгын, конкурс башталаарда дайындалган жана катышуучуларга тааныштырылган, курамы мугалимдерден жана окуучулардан турган ардактуу калыстар тобунун мүчөлөрүнүн койгон бааларынын жыйынтыгын калыстар тобунун төрагасы угузат.
Мугалим так иштеп берген калыстар тобунун мүчөлөрүнө ырахмат айтып, окуучуларга окуусундагы ийгиликтерди каалоо менен, конкурска активдүү катышкандыгы үчүн, мүчөлөргө классташтары жана мугалими тарабынан даярдалган чакан белектерди тапшыруу менен сабакты жыйынтыктайт.

Математический КВН (5-класс) на тему Повторение натуральных чисел

© 2010-2022