Урок на тему Жандуу жаратылыш

Раздел Классному руководителю
Класс 6 класс
Тип Конспекты
Автор
Дата
Формат docx
Изображения Есть
For-Teacher.ru - все для учителя
Поделитесь с коллегами:

Класс 6-д

Мугалим: Саданалиева Махабат Сатыбалдиевна

Сабактын темасы: Жаныбарларды, жандуу жаратылышты коргоо, өсүмдүктөрдү, гүлдөрдү өстүрүү. Табигый дүйнөгө карата адамдын этикалык мамилеси.

Сабактын максаты: Жаратылыштагы жандуу жана жансыз заттарды айрып таанытуу менен бирге окуучулардын жаратылышка болгон сүйүүсүн ойготуу, аяр мамиле жасоого багыт берүү, табигый байлыктарды сарамжалдуулук менен пайдалана билүүгө багыттоо, жаратылышка анын кубулуштарына кызыгып байкоо жүргүзүүгө тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: маркер, ватман, жаратылыш жана өсүмдүктөр тууралуу сүрөттөр, плакаттар 3-минуталык слайд.

I Жаңы теманы баяндоо:

Кана балдар жаратылыш жана аны курчап турган чөйрө менен таанышуубузду баштайлы.

ЖАРАТЫЛЫШ ДЕГЕН ЭМНЕ?

-Айланаңа көз чаптырып көрчү. Ооба, сен күндү, асманды, булутту, жерди, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды көрөсүң,-демек ушулардын баары жаратылыш.Бизди курчап турган дүйнө.

Күн, асман, булут, таштар, суу, жаан, кар булар жансыз жаратылыш.

Өсүмдүктөр, жаныбарлар, адам булар жандуу жаратылыш. Канаттуулар да, айбандар да, кескелдириктер да, жыландар да, ташбакалар да, бакалар да, балыктар да, курт-кумурскалар да, курттар да жаныбарлар экенин эсиңен чыгарба.

Жаратылыш бул биздин айланабыздагы өтө таң каларлык нерселер. Ар бир кадам сайын сен ошол таң каларлык нерселердин сырын ачууга мажбур болосуң. Алгачкы сапарыңды жылдын ар кайсы мезгилиндеги жаратылыштын жашоотиричилигине байкоо жүргүзүүдөн баштайсың.

Жаратылыш биздин эң жакын досубуз. Ал биздин жашоо тиричилигибизге керектүү көп нерселерди берет. Ошол себептен адамдар жаратылышты коргошот, анын байлыктарын арттыруу максатында көп эмгектенишет.

Жаратылыш - таланттын жан досу

Абасы таза, жаратылышы кооз жерлерден таланттар көп чыгат дешет. Шаркырап аккан тунук суу, суу түбүндөгү ар кандай балыктар, ар бир дабышты улап жаңырган аска жана ал асканын күчүнө моюн бербей тең ортосун жарып чыккан арча, карагайлар адамдын жан дүйнөсүн кызытып талантына талант кошот. Айта берсе сөз түгөнгүс болгон жаратылыш кооздугун жүрөгү назик адам сезе билет, суктана билет. Айлана-чөйрөсүн аярлап карап, ар бир нерсенин ийне жибине чейин кылдат баамдаган адам гана жаратылыштын ушул кереметин, сулуулугун жан дүйнөсү менен жүрөгүнө жакын кабыл алат.

Жаратылыштын өзүнөн эле зор күч алат. Мындай чөлкөмдө жашаган элден таланттар көп чыгат.

Кана арабызда таланттуу балдар барбы?

Жаратылыш-сенин койнуң эң кенен,

Азаматсыңар, бирок биз дайыма эле табияттын сырларын, кооздугун байкай бербейбиз. Биздин өлкөдө жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөр, жаныбарларды коргоо максатында «Кызыл китеп» басылып чыккан. Аларды өз убагында коргоп калбасак, жаратылыш өз кооздугунан айрылат.

-Араңарда Асанкайгы деген киши жөнүндө уламышты укканыңар барбы?

Жылдызбек кызы Диана : Илгери Асанкайгы деген боорукер, акылман, көрөгөч киши жашап өткөн экен. Ал жан-жаныбарларды аяп минтип ырдаган экен.

Асанкайгынын сөзү:

Салган тамы жок,

Кылган иши жок,

Алган даны жок,

Мал багарга даны жок.

Көзү башын көгөртүп,

Баягы көгөн байкуш кантти экен?

Көрө турган көзү жок,

Чымын байкуш кантти экен?

Таразасын көтөрүп,

Тырмаңдаган шо байкуш.

Таш бака байкуш кантти экен?

Боору жерге жабышкан,

Баса албаган балчактап,

Бака байкуш кантти экен?

Куйругу жок, жалы жок,

Кулан байкуш кантти экен?

Кирер эшиги жок,

Корголор тешиги жок,

Коңуз байкуш кантти экен?

Суукка муздап, сөөгү сыздап,

Көргүлүктү көргөн чыгар,

Балык байкуш кантти экен?

Жайлоодо жабуу албаган,

Арык байкуш кантти экен?

Курт-кумурска үйү жок, Куурап баары өлгөн чыгаар,

Өлбөсө да байкуштар,

Көргүлүктү көргөн чыгар.

Жанын сууда жашырып жүргөн, Чаян байкуш кантти экен?

II Өсүмдүк жана айлана-чөйрө.

Өсүмдүктөрдүн жашоо тиричилиги үчүн белгилүү бир шарттар зарыл. Ал эми тиричилик шарттары жаратылыштын ар кандай факторлорунун таасирине жараша болот. Өсүмдүктөрдүн тиричилигинде жансыз жаратылыш факторлору: жарык, суу, температура, минералдык туздар. Эң маанилүү роль ойнойт. Өсүмдүктөргө ошондой эле жандуу жаратылыш факторлору ар түрдүү тирүү организмдердин, анын ичинде кишинин да иш аракеттери таасир тийгизет.

Жарык өсүмдүктүн тиричилиги үчүн зарыл. Ансыз хлорофили пайда болбойт жана фотосинтез өстүрбөйт. Жарык өсүмдүктүн кадимкидей өсүшү үчүн керек. Караңгыда өскөн өсүмдүктөр узун жана агыш болот.

Жылуулук да өсүмдүктөрдүн тиричилиги үчүн керек. Алардын бирөө жылуулукту сүйөт, башкалары тескерисинче суукка абдан чыдамдуу келет.

Суу өсүмдүктөргө керек. Ал ар бир тирүү клетканын цитоплазмасынын жана клетка суюктугунун составына кирет. Суу болсо өсүмдүк боюнча азык заттар жыла албайт, фотосинтез жүрбөйт, буулануунун натыйжасында өсүмдүк өтө ысып кетпейт. Ар кайсы өсүмдүктүн сууга болгон талабы ар кандай болот.

Өсүмдүк дем алганда абдан кычкылтекти сиңирип алат, ал эми фотосинтез убагында көмүр кычкыл газын сиңирип алат.

Минералдык заттар өсүмдүккө топурактан келет, бирок өсүмдүккө алардын ичинен көбүнчө азот, фосфар жана калий баарынан көбүрөөк керек. Өсүмдүккө бор, марганец, темир абдан аз өлчөмдө керек.

Андан башка өсүмдүккө алардын айланасындагы тирүү организмдер -жаныбарлар, башка өсүмдүктөр жана микроорганизмдер таасир этет.

Өсүмдүктөр өз кезегинде, айлана-чөйрөгө да таасир этет. Алар абанын составын өзгөртөт: аны нымдайт, көмүр кычкыл газды сиңирип алат да, кычкылтекти бөлүп чыгарат.

Өсүмдүктөр топурактын составын өзгөртөт. Алар абдан бир затты соруп алып, ага башка бир затты аларга бөлүп чыгарат.

Эмесе балдар таблица менен иштейли:

1-топко тапшырма: 2 топко тапшырма

жаратылышУрок на тему Жандуу жаратылыш

  • Ү схемасы менен иштөө

Сезип турам:

- күндүн жылулугун;

-жаныбарлар менен адамдардын ортосундагы бири-бирине болгон ишеничти;

- салкын желди;

Көрүп турам:

- абышка- кемпирди, кызды

-чычканды, күчүктү, түлкүнү;

-үйдү, күндү, бак -дарактарды, чамгырды;

Угуп турам:

-адамдардын жаныбарлар менен сүйлөшкөнүн;

-кемпир-чалдын кыйкырыгын;

-короодогу түрдүү үндөрдү

Чайнвордду чечемелегиле

Туурасынан:

1.Тынчтыктын символу

2.Фотосинтез жүрөт

3. Дандан жасалат

Тигинен:

1.караңгыда көрөт

2. өсүмдүктө болот

3. Дандан жасалат

1 2

к

ө

Г

ү

ч

К

ө

н

2

к

3


ө

с

ү

м

д

ү

к


3

А


н

а

Н






Мугалим жаратылышка аяр мамиле жасоо жана коргоо жөнүндө түшүнүк берет.

-Табиятты коргоо , курчап турган чөйрөгө сарамжал мамиле кылуу азыр бүткүл дүйнөдө эң маанилүү жана актуалдуу маселеге айланып олтурат . Атмосферанын жалпы жылууланышы , жыл сайын жана туруктуу болуп турган техногендик алааматтар , биосферанын кескин начарлашы адамдарды Жер планетасынын тагдыры жөнүндө ойлонууга аргасыз кылууда. Тилекке каршы , соңку мезгилде табигый ресурстарды коргоого талаптагыдай көңүл бурулбай калгандыктан тоолордогу жана адырлуу зонадагы токойлордун абалы өзгөчө кооптонууну пайда кылат . Бак - дарактар жөнү жок кыркылып , отун кылуу максатында же курулуш иштерине пайдалануу үчүн жырткычтык менен кыйылып жатты . Ал эми адам баласынын турмушунда жашыл бак - дарактар , токой маанилүү ролду ойнойт . Демек биз жаратылышты коргоо менен бирге түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө милдеттүүбүз.

Бышыктоо.

  1. Балдар табиятка же жаратылышка аяр мамиле жасалбаган учурларды кайсы жерлерден көп кезиктиресиңер, жана аларды коргоо боюнча кандай оюңар бар?

  2. Биздин мектептин айланасында кандай дарактар отургузулган жана жазында кандай көчөттөрдү отургузабыз

  3. Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор деген макалды турмушта кандай пайдаланабыз?

  4. "Канаттуулардын уясын бузуп, балапандарын өлтүрбөгүлө, канаттуулар каргайт"-деген түшүнүккө кандай мамиледесиң

Жыйынтыктоо:

Окуучулардан жогорку суроолорго жооп алгандан кийин мугалим сабакты төмөндөгүдөй жыйынтыктаса болот. Табият менен таттуу мамиледе болуу окуучулардын жан дүйнөсүн тазартып, руханий бийиктикке көтөрүлүп, адам жаратылыштын бир бөлүгү экендигине ишенет.

Үйгө тапшырма: «Жаратылыш жан досум» деген темада аңгеме түзүү



© 2010-2022