Урок Боз уйдун жасалышы

Раздел Классному руководителю
Класс -
Тип Другие методич. материалы
Автор
Дата
Формат docx
Изображения Есть
For-Teacher.ru - все для учителя
Поделитесь с коллегами:

Урок Боз уйдун жасалышыБоз үйдүн жасалышы

Урок Боз уйдун жасалышы

Кыргыз элинин ак өргөөсү аталган боз үйдүн жасалышын, тигилишин көрүп-билип жүргөнүбүз менен анын бөлүктөрүнүн аталышын, жасалуу ыкмасын, дегеле боз үй тууралуу жалпы маалыматты жаштар толук билбей турганыбызды моюндашыбыз керек. Акыркы учурларда боз үй негизинен жайлоого чыкканда жана адамды алыскы сапарга узатаарда гана тигилип калды. Анда булл жерде боз үйдүн тарыхы тууралуу Амантур Акматалиевдин изилдөөлөрү жөнүндө маалымат бар.

Кыргыздын боз үйү көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмактуулукка ээ, журтчулугубузду даңазалоочу бөтөнчө күчкө барабар. Элибиз байыртан такай көчмөн турмушту баштан кечирип келген. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган журтчулук каалаган жерге-мейли тоодо, мейли түздө жашоого оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилик түрткү берген. Кыргыздар боз үйдү жаратыш үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган. Көчүүгө жеңил, каалаган жайга конууга ылайыкташкан, табияттын ар кандай катаал каршылыгына, сырткы күчүнө туруктуулук кылган боз үйүбүз ичине от жагууга жана жылуулукту сактоого оңтойлуу. Боз үй төмөнкү бөлүктөрдөн турат:

Босого таяк -бул боз үйдүн жыгачынын бир бөлүгү. Үйдүн эшигинин жана каалгасынын жыгач кашеги. Бул уук-кереге менен түндүктүн тең салмакта тигилишин аныктайт. Үйдүн босого таягынын узуну болжолдуу 1,4 метр, туурасы 1 метр, жазылыгы 25 см келип, ал "таяк-босого", "баш босого", "каалга" болуп үч бөлүктөн турат. Бири-бирине ашталат да, кереге саканактары менен сызма же эшме жип аркылуу бекитилет. Баш босогонун үстүнөн үч-төрт кыска эшик уугу орун алат. Босого-таяктын жазылыгы 10-12см, калыңдыгы 3 см, бийиктиги жана кенендиги боз үйдүн көлөмүнө жараша болот.
Жабык баш -көбүнчө кийизден оюлуп жасалып, боз үйдүн ички уугунун билегине тегерете тосулуучу көркөм буюм. Боз үйдүн көрүп отура турган ички жасалгаларынын эң негизгилеринин бири.

ЖЕЛ БОО (түндүк боо) - Таар буюму, боз үйдүн боочуусуна кирет. Ал түндүктүн эки жагына тагылат да, көбүнче термеден болот. Үй тигүүдө - түндүк көтөрүүдө боо бакан менен кошо кармалат, Аны мындайда көбүнчө уук-керегеге кыстарып коет, Анын оң-тетири тарабы дайыма көрүнүп турат. Ошондуктан, муну эки жүздүү терме кылып согуу максатка ылайыкташат. Жел боо жөнөкөй эле сызмадан же эшме жиптен да жасалат. Түндүк боого окшош эшик боо согулат. Ал да көркөм көчөттөрү аркылуу кооздук берет. Эшик боо түндүктөн арта салынып, баш босогого байланат. Мунун да "жел боодой" (түндүк боо) оң-тетири тарабы көрүнүп турат.

КААЛГА - (боз үйдүн каалгасы) - үй жыгачынын бири. Бул мыксыз эле баш босого менен аяк босогого ашталып бекитилген эки бөлүктөн турган тактайча. Тактап айтканда, түндүк босого менен бут босогодогу тегерек чуңкурчага каалганын баш-аяккы эки-үч элидей уурчугу өзү эле элпек кирип, элпек ачылып-жабылат.

КЕРЕГЕ -Үй жыгачынын негизги бөлүгү. Кереге боз үй жыгачынын уук бекитилүүчү төмөнкү бөлүгү. Мисалы, талаптагыдай боз үйдүн керегесинин дм 2,6-3,7 см, узундугу 235-305 см, баш-аягы бирдей жумуру (52-62) саканактардан (таякчалардан) турат. Саканактардын баары бир аз ичин көздөй ийилип, уук байланчу баш жагынын 15-20 см жери сыртын көздөй кайкалай маталат.Саканактардын ар бири 14-15-15-19 см аралыкта бири-бири менен кайчылашкандай кылып, эки жагы түйүлгөн көк менен бекитилет. Кереге жайылганда саканактардын кайчылашуусунан төрт жагы бирдей көзчөлөр пайда болот. Саканактардын баш (жоон) жагынан 70-80-72-82 см жеринин ичкибети алакандалып (жалпайтылып), ага 6-12 издүү сай салынат. Керегенин ар бир канаты узуну боюнча 18-20 көздөн, бийиктигии (туурасы) боюнча 10 көздөн турат. Жыйылган керегенин бийиктиги 2 мдей, эни 75 см болот. Жазганда бийиктиги кичине төмөндөп, эни 2-2 ,5 метрге жетет.Керегенин уук байланчу жогорку ачакейлери -"кереге башы", анын карама-каршы төмөнкү бөлүгү - "керегенин аягы" деп аталат. Кереге канаттарын бириктиргендей алардын четки саканактары бири-бирине дал келип ашталганда, "канат боо" менен орой чалып байлайт. Канат боо - жайылган керегени тыкандап байлай турган эшме жип же сызма. Боз үйдүн чоңдугу кереге канаттарынын санына башкача айтканда уук баштарына жараша болот.

КЕРЕГЕ ЧАЛГЫЧ - өрмөкчүлүк аркылуу бүткөн боз үйдүн боочуларынын бири. Жайылган кереге баштарына чалына оролуп, тегерете курчалган сызма. Мунун эни "үзүк боо", "жабык баш боо" өңдүлөрдөй келет. Өрмөктүн эриши ошолордой күзүктөлөт да, аларга түшүрүлүүчү көркөм көчөттөр терилет,

КЕРЕГЕ ТАҢГЫЧ - жайылган керегенин белинен курчала турган сызма өңдүү болот. Ал көбүнчө өрмөк согуучулук жана килем токуучулук ыкмасы аркылуу пайда болот. Эни 70 смге барабар. Мына ушундай энде өрмөк дүкөнүн жана килем дүкөнүн куруп, килем жана өрмөк ыкмасы аркылуу "кереге таңгыч" токулат.

КЫЛДЫРООЧ -Бул - боз үйдүн сыртына канат чийи менен керегесинин ортосу аркылуу тегерете жабылган буюм. Кылдырооч таардан да, кийизден да тартылат. Албетте, терме кылдырооч нарктуураак көрүнөт. Кылдыроочтун чети чачыкталат. Ал - тегиричтин бир түрү. Кылдырооч "эр жак", "эпчи жак" деген эки бөлүктөн турат. Көчкөндө бул кооз буюмду шаан-шөкөт үчүн жүктүү төөнүн мойнуна салаңдата ороп же жаап коюшкан.

ТЕГИРИЧ - боз үйдүн таар жасалгасы. Ал жабык баштын алдына тартылат. Тегиричке түгөйлүү 44 жип өрмөктүн эки четине келтирилет. Абалы "тумарча көчөтүн" берип, анын ортосуна "кыял көчөтүн" салуу зарыл, Муну "мүйүз кыял" десек да болот. Анткенибиз, ошол "мүйүз көчөт", "чатармак көчөт" сыяктуу элдик эски түрлөр өрмөкко түшүрүүчү кооздукту өзүнчө "кыял" сыяктантып берүүгө негиз болот. Ушундан улам аны айрым айылдарда "чагармак", "мүйүз" деп да аталышы төгүн эмес. Термечи ушул мүйүз сымалданган көчөттү терип чалууда көк менен кызыл тал жиптерди түгөйлөп алат. Жүз эки жиптин теңи эриштин астына түшөт (ургаачы делинет), теңи үстүнөн чыгат (эркеги делинет) да, күзүктөлөт.

ТИЗГИЧ (уук тизгич) - боз үйдүн боочууларынын бири. Жапырт сайылган (тигилген) ууктардын жылып кетпеси үчүн билегине кыркалай имере оролгон сызма таар. Мунун өрмөгүнө жети гана тал жип чалынып, ууктан оң-тетири тарабы көрүнүп тургандыктан көбүнчө көркөмдүк үчүн эки жүздүү терме түрүндө согулат. "Уук тизгич" сызма түрүндө да, эшме түрүндө болушу ыктымал.

ТҮНДҮК - "Аталар түндүгүн көтөрүп, энелер уугун улаган (элден), бул - боз үйдүн очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир чебердин колунан анча келе борбейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу сынакей калктын көз элегинен өтөт. Түндүкчүлөр жеринен сейрек учурайт. Бул болсо өнөрдүн өтө кылдаттыгын, сыпаалыгын жана татаалдыгын аныктайт.

УУК -Орточо алганда ууктун алаканынын (билегинип) керегеге байлануучу жагы-нын узундугу 45-55-47-57 см, эни 2-35 2,2-36 мм келет. Анын аягында көзөнөк-чөсүндө жүндөн эшилген же колдо чалынган, же өрмөктө согулган "уук боосу" болот. Уук керегеге ошону менен байланып бекийт. Уук учу 2,2-2,5 см, төрт кыр учталат. Ууктун жалпы узундугу 2,5-3 м дей келет. "Ууктарын учтатып, учу сайын ууктун, учуна манат тыштатып" ("Манастан"). Демек, көчкөндө ууктардын учу сынбасын үчүн ага көбүнчө кийизден, таардан жасалган "уук-учтук" (уук кап) кийгизилет. Аны да айрым чеберлер колу билгендей чачылап, саймалап-оймолоп жиберет. Боз үйдүн башкы босогосунун (босого жыгачтан) үстүнө төрт кыска эшик уук сайылат. Керегенин жайылышы аркылуу боз үйдүн көлөмү менен көркү аныкталат.
Уук ийүүдө да чен бирдиктери так сакталат. Эгер 73 баштуу үй болсо ууктун узундугу 3 м, 65 баштуусунуку 2,8 м, 55 баштуунуку 2,6 м болот. Мында ууктардын жоон-ичкелиги бирдей келет. Анын түп жагынан жоондугу - 16 см, баш жагы 8 смге барабар. Ууктун алаканынын жазылыгы төрт см, узундугу 70 см, ошондо алаканга сегиз сай чыгат. Ууктун башынан уук жип байлоочу тешигине чейин сегиз-он см болот да, уук учуна 90 кыйгач кесип, керегенин сырткы капталына-билегине такалат. Ал канат чийди тиреп жыртпайт, уук ылдый кетпейт.

ҮЗҮК -Бул- боз үйдүн кийизинин бир түрү. Уук үстүнөн келүүчү көлөмдүү жабуусу. Боз үй алдыңкы үзүктөн жана төркү үзүктөн турат. Бул да үзүктөй эле койдун күзгү жүнүнөн уютулат да, жабыла турган үйдүн чоңдугуна жараша бири-бирине окшобогон төрт бурчтуктай бычылат. Болжолдо үзүк баш жагынан узундугу 180-200-190-210 смдей, этек жагынан (ылдый) узундугу 730-825-750-850 смдей, жандарынын бийиктиги 180-230-200-250 смдей келет. Үзүктүн чети бүйрүлүп калбасы үчүн жылкынын жал-куйругунан, топоз менен эчкинин кылынан чыйрак эшилип жээктелет.



КЫРГЫЗ БУЮМДАРЫ. Боз үй, Туш кийиз, Камчы

Урок Боз уйдун жасалышы

Боз уй

Боз үй. Боз үй көчмөн элдердин биргелешкен акыл-оюнан жаралган, жеңил десең жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй, улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу.

Боз үйдүн ичинен төбөңдү карасаң, түндүгүнөн көк асманды, күндүз күндү, түнү айды көрөсүң. Сыртка чыксаң, кең дүйнө шарт ачылат. Чагылгандын чартылдаганын, шамалдын улуганын, дарыянын шоокумун, куштардын сайраганын даана угуп турасың. Боз үйдөн сырткы космос жана ички дүйнө менен бирге жашап жаткандай сезесиң, өзүңдү.

Кыргыздын боз үйүн жасоого кол өнөрчүлөрдүн бардык чеберлери - теричи, жыгач уста, темир уста, саймачы, оймочу, зергери, уздары катышкан. Кыргыздар боз үйдү күнүмдүк тиричиликке, сый-сөөлөткө жасашкан жана жоопкерчиликте урунушкан, анын түрлөрү көп.

Боз үйлөр чоң-кичинесине карата алтымыш баштан-жүз баш, эки жүз баш деп, керегенин башына карата бөлүнөт. Үйдүн ичи төр, улага, эр жак, эпчи жак деп төрткө бөлүнөт. Төргө кадырлуу меймандар, карыя аксакалдар, эпчи жакка казан-аяк кармаган аялдар, эр жакка эркектер, улагага кичүүлөр отурушат

Байыртан бери боз үйлөр жасалыш үлгүсү боюнча кыргыздын боз үйү жана калмак (моңгол) боз үйү болуп айырмаланган. Кыргыздардын боз үйүнүн керегеси кенен, ууктары узун, түндүгү бийик келет.

Кыргыз боз үйлөрүнүн жыгачтары негизинен талдан, түндүгү арчадан жасалат. Көлөмү боюнча төрт канат, алты канат, кээ бир ажолордун, байлардын ак өргөлөрү 30 канатка жеткен учурлары бар.

Боз үйдүн негизги жыгачтары - кереге, уук, босого таяк, түндүк, каалгадан турат. А дегенде кереге жайылып, аштарына уук учтугу менен чалып байланат. Босого таяк орнотот. Бакан менен түндүк көтөрүлөт, уук сайылат. Чий тартылган соң туурдук, үзүк, эшик тыш, түндүк жабуу жабылат.

Боз үй ичинде бүткүл кыргыздын байыртан берки тарыхы, тиричилиги, салты, маданияты, тили, дили, акылмандыгы, өнөрү, ой-акылы жатат. Анын баарын чечмелеп айтса өтө узак кеп.

Кыргыздын боз үйүндөгү ырым-жырымы күчтүү болгон: керегеге бутту артпаган, түндүктүн жибине артылбаган, босогону баспаган, түндүктү, баканды аттабаган, отко суу куюп өчүрбөгөн, чөмүч менен итке аш куйбаган, тулганы, сүттү теппеген, шамалды сөкпөгөн, дасторконду тетири салбаган, күйгөн отко түкүрбөгөн, жылдыз санабаган, эшикти тээп ачпаган, босогого туруп бой кербеген, үйдө ышкырбаган, үй айланып чуркабаган жана башка.

Боз үйдүн жыгачын ар түрдүү усталар жасашат. Ал өтө чеберчиликти, көп убакытты талап кылат. Боз үйдүн уук-керегесин, босого таягын узанган чеберди «уукчу», «керегечи», түндүк жасаганды «түндүкчү» дешет.

Кыргыздар жакшылык айтканда «түндүгүңдөн түтүн үзүлбөсүн», «чамгарагың көтөрүлсүн, очогуң өчпөсүн», «отуң өчпөсүн», «түндүгуң бийик, керегең бек болсун», «коломтоң сапырылбасын», суук кабарды билгизгенде «келе бакан, куу союл», «чаначтай көөп», «карды чанач», «чылгый чаначтай ийле», каргыш айтканда «түндүгүң түшсүн», «чыгдандын ары жагында кал» деген сөздөрдү айтышкан.

Эл оозунда боз үйдүн жабдыктары символ катары колдонулган, мисалы адамга баа бергенде «ууктай узун», «керегеси май болду», «бакандай азамат», «чийдин түбүн тешкен жигит» дешсе, кээде макал-лакап түрүндө «уугум сага айтам, уулум сен ук, керегем сага айтам, келиним сен ук», «чыккан кыз чийден тышкары», «кызы бар үй - кымызы бар саба» деп айтышкан.

Боз үйдүн ичи. Боз үйдүн так ортосу - коломто, ага казан асылат. Төр - үйдүн эшикке карама-каршы тушу. Анда жүк жыйылып, ала кийиз, өрө кийиз, шырдак, көлдөлөң, төшөк салынат. Жүктүн эки жагына текче илинет.

Эпчи жак - үйдүн кире беришиндеги оң тарабы. Ага ала бакан орнотуп, ашкананы чий менен калап, тамак-аш, идиш-аяк сакталган. Аяк кап, чыны кап илинген.

Эр жагы - үйдүн сол тарабы. Анда эркектердин кийими, куралы, ат жабдык жана башка буюмдары коюлган.

Улага - үйдүн кире бериши. Ага, адатта, отун жыйып, ээр-токум коюлган. Боз үйгө туш кийиз, көшөгө тартуу - эзелтеден берки салт.

Урок Боз уйдун жасалышы

кийиз

Туш кийиз. Туштук, туш кийиз, туш туурдук - боз үйдүн керегесине, там үйдүн дубалына тартуу учун саймаланган кооздук буюм. Туш кийиздин узундугу 2,5 - 3 метрдей, туурасы 1,5-2 метрдей, четинин эни 40-50 сантиметрдей болот. Адегенде туш кийизди кийизге оюу-чийуу, көчөт түшүрүп жасаган, чети кундуз менен көбөлөнгөн. Баш жагына шуру, бермет, акак таштар бастырылган.

Кийин тукаба, парча сыяктуу кездемеден жасала баштаган. Анын ич жагы астарланат (ичтелет), жээги саймаланбай кара, кызыл түстөгү калың материал менен 5-7 сантиметрдей жээктелип, ийрек же ромб формасындагы кош тигиш менен шырылат. Чети чий баркыттан, макмалдан жасалып, бетине көчөт түшүрүлөт.

Туш кийиздин ортосу четинин өңүнө карата тандалат.Чети кандай материалдан болсо, ошол эле материалдан анын дал ортосуна (кээде эки бурчуна да) тумарча орнотулган. Туш кийиздин четине жарым бадам, жарым кыял, бармак боочу өңдүү оюмдар сайылат. Туш кийиздин четки саймасы менен ортолук саймасын ала мончок оюму менен сайылган эндүү жээк бөлүп турат.

Көркөм көчөттөрдү бири-биринен ак, сары жана башка жиптер менен сайылган суусу, ала мончогу айырмалайт. Алар бутактанып кетет. Туш кийизде кыял оюму кенен колдонулат. Туш кийиз боз үйдү кооздоп гана турбастан, суукту да тоскон.

Ала кийиз - колдонмо кол өнөрчүлүктүн бир тармагы. Түр салынып жасалган кийизди ала кийиз деп аташкан. Ал кара койдун жүнүнөн жасалат. Сабалгандан кийинки майда тытылган жүн чийдин үстүнө текши төшөлүп, калың, жука жерлери текшиленип чабакталат. Түрүлүп түйдөктөлгөн жүндөн түр (сайма, кеште) салынат. Түр салынган жактары бузулбас үчүн четинен этияттык менен түрүп турат. Түр салынган жүнгө ысык суу себилип чий менен кошо оролот; анын эки башына кап же башка нерсе кийгизишет. Оролгон чий сыртынан жип менен бекем чырмалып, аны аласалдырып тебе башташат.

Жүнү кирген кийиз чийден этияттык менен чыгарылып, түрүлөт. Оңду-солду басылат. Бышырылганда гана ала кийиз бүттү деп эсептелет. Ала кийизди аялдар жасайт, тебүү жана сүйрөө иштерине эркектер катышат.

Шырдак, шырдамал - кийизден жасалып, жерге салынуучу үй буюму. Бети эки бөлүктөн - ортосу же негизи (узундугу 2-2,5 метр, орточо) жана четинен (25-35 сантиметр) турат да, кыюусу (6-10 сантиметр), жээги (0,5-1,0 сантиметр) болот.

Шырдак жасоо үчүн кийиз жасалат. Шырдактын бети болуучу ак кийиз ар кыл түскө боёлот. Андан шырдактын бөлүктөрү бычылат, ар бирине оймо түшүрүлүп, оюлат. Оюлган кийиздин бири оймо, экинчиси бет болот. Булар бири-бирине кынаштырылып жөрмөлгөндөн кийин, ортоңку бөлүгү менен четки бөлүгү кыюу аркылуу бириктирилет да, ичилиги ичтелип, шоона менен шырылат.

Оң-сол ийрилип, чыйратылган түстүү жиптен жөрмөп бириктирилген сызыгы боюнча оюулардын үстүнөн ызгыт (милте) бастырылып жөрмөлөт. Шырдактын айлана четине ак, кара кийизден каршы-терши иймек бастырылат. Шырдактын ортосуна чоң оймолор, четине, кыюусуна кичирээк оймолор түшүрүлөт.

Шырдактын жасалышында жергиликтүү өзгөчөлүктөргө карата айырмалангандыктан, анын аты ар кайсы жерде ар башкача аталат: шырымал, төрбөлжүн, оймо теке, ободо, түр кийиз жана башка.

Өлчөмүнө карай чоң шырдак (420×180 см), орто шырдак (330×150 см), кичине шырдак (250×100 см) болуп бөлүнөт.

Көөкөр - тиричиликте колдонуучу идиштин түрү. Аны төөнүн, же үйдүн терисинин калың жеринен (эки капталынан) алешем кылып кургатып бычышат. Шар сууга казык аркылуу байланган чылгый терини улпак салып же жарма куюп ороп койсо, жүнү тез эле жыдыйт. Төөнүн териси күрөк менен челденет. Челденген тери шибеге, же темене менен тигилет. Көөкөргө кумдуу топуракты шыкайт. Идиштин ийини, мойну, булуң-бурчтары атайын ийри шиш аркылуу көркүнө келтирилет. Шыкалган топурак тоборсугандан кийин оюм-чийим түшүрүлөт. Кээде көөкөрдүн булуң-бурчтарына, ийнине, моюнуна күмүш, жез чегилет. Ага түшкөн шөкөттөрдүн формасы ар кандай. Көөкөрдүн кепкегине алтын-күмүш чөгөрүлүп, жезден чагарак салынган. Көөкөр ар кыл формада жасалган.

Чанач - эчкинин туюк сыйрылган терисинен жасалган идиш. Чаначка кымыз, айран, жарма жана башка суюк тамактар куюлат. Ал кол чанач, серке чанач, эркеч чанач, чоң чанач деп бөлүнөт.

Чанач жасоонун ыкмасы: тери 1-2 күн чие чөбүнүн суусуна чылангандан кийин ичи-сырты малдын майы менен майланып ийленет, жарым айдан кем эмес мөөнөттө ышталат. Ышы кеткенден кийин өңүн кызартуу учун ага айран толтуруп, белгилүү убакыт күнгө кармашып, сууга чайкашат.

Чаначтын бучкактары жана түбү чыйратылган жиптен же тарамыштан милте (жээк) коюлуп тигилет. Тамактын даамын сактоо үчүн чаначты майлап жана ыштап турушкан.

Челек - үй тиричилигинде пайдаланылуучу идиш. Ага көбүнчө суюк нерселер куюлат. Арча, кайың, карагайдан жасалган. Керектуу жыгач кыйылып, кургатылып, өз-өзүнчө чабакталып, челекке мүнөздүү формада кынапталат да, калай, жез, жукартылган тал менен курчап бириктирилген.

Жоон жыгачтын ичин оюп бал челек жасалган. Челектин капкагы болот. Куйган тамак-аштын даамы бузулбай сакталыш үчүн аны тез-тез ыштап, малдын майы менен майлап турушкан.

Чөйчөк - жыгач идиштин бир түрү. Ал арча, кайың, карагай, тал, өрүк, жаңгак, алча, алма жыгачынан жасалат. Жасалыш ыкмасына карай чапма чөйчөк (чабылат), кырма чөйчөк (кырылат) болуп экиге бөлүнөт. Чөйчөк колдонууда жарылып кетпес үчүн ичин май, каймак менен шыбап, жалынга кайрып алышкан. Кээде ыштап коюшкан.

Жаргылчак - дандан талкан, угут тартуу учун беттеме таштан жасалган кол тегирмен. Жаргылчактын астьңкы жалпак ташы тегеренбей, анын так ортосундагы көзөнөгүнө кагылган катуу жыгач же темир шимеги болот. Шимек жаргылчактын үстүнкү ташынын ортосуна кирип, аны бир окто айлантып турат. Тартылуучу дан шимектүү көзөнөккө ууч менен салынат. Жаргылчак үстуңкү бетинин бир жак четиндеги көзөнөгүнө кагылган жыгач туткасы аркылуу кол менен айландырылат. Жаргылчакты аялдар жана балдар тарткан.

Кумган - металлдан (жез, коло, чоюн) куюлуп жасалган идиш. Түп жагы курсактуу, ичке моюндуу, туткалуу, чорголуу, капкактуу болгон. Чай кайнатуу, колго суу куюу, даарат алуу үчүн керектелген.

Куржун - терме же жөнөкөй таардан, килемден ортосу бириктирилип, артынып жүрүүгө ыңгайланып жасалган эки көздүү баштык. Кыргыз буюмдарынын бири Куржундун ар бир көзү (баштыгы) 50×50 см, бүт чети же бурчтары чачыланып кооздолот, ооздору туюк үч бүчүлөр менен бекитүүгө ыңгайланат.

Камчы - унааны, малды айдоо учун колдонулуучу буюм.Камчы зарыл учурларда куралдын да милдетин аткарган. Саптан, камчынын өрүмүнөн, бүлдүргөдөн турат. Сап табылгы, ыргай, четин, кайыңдан жана эликтин шыйрагынан (туягы менен кошо) жасалат.

Камчылар эркектики жана аялдыкы болуп шарттуу түрдө экиге бөлүнөт.

Камчынын кармай турган жерине булгаары каптап, кооздук үчүн төкмө чачы тагылат. Анын төмөн жагына камчы колдон түшпөс үчүн камыштан илгич - бүлдүргө бекитилет. Камчынын өрүмүнүн башына калай кадалат. Өрүмү жанбас үчүн өрүмдүн башынан, ортосунан, учунан түшкөн түйүмү түйүлөт. Өрүмдүн терме, суйсалма, жылан боор, котур, музоо тиш, бугу жана башка түрлүрү бар.







Тема: Кыргыз буюмдары

Аткарган: Полоткан кызы Айжан

Текшерген: Кыдырова Б.А.



ПЛАН:

  1. Боз уй

  2. Кийиз

  3. Камчы







Урок Боз уйдун жасалышы

AA

Абу Рейхан Бируни

Ислам ренессансынын гүлдөп турган чагы болгон 10-11-кылымдарда Орто Азия чөлкөмүндө илимдин бир топ тармагында зор ийгиликтерди жараткан аалым-энциклопедиячылар жашап өтүшкөн. Баарыбыздын орток бабаларыбыз болуп эсептелген бул аалымдардын эмгектери ушул күнгө чейин адамзатын таң калтырып келе жатат. Ушундай аалымдардын эң алдыңкы катарында Абу Рейхан Бируни турат. Программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Бирунинин өмүр таржымалы жана илимий эмгектери жөнүндө кеп козгойбуз.

Улуу аалым- энциклопедиячы Абу Рейхан Бируни Хорезмдин борбору Кас шаарында 973-жылы жарык дүйнөгө келген. Анын толук аты Абу Рейхан Мухаммед ибн Ахмед Аль-Бируни болгон.
Абу Рейхан Бирунинин ата-теги тууралуу маалымат жок. Айрым булактарга караганда, Бируни өзүнүн ырларынын биринде чоң атасы жана теги жөнүндө эч нерсе билбегендигин, алтургай атасын тааныбагандыгын айтып өткөн. Бирунинин кайсыл улуттан экендиги да так белгилүү эмес. Түрк илимпоздору анын парс же араб эмес, түрк улутунан болгондугу тууралуу божомолдун чындыкка жакын экендигин айтып келе жатышат.
Түркиялык илимпоз Гүнай Түмердин Бируни жөнүндө жазган макаласына таянсак, Бируни арабча жана парсчанын өзүнүн эне тили эместигин, өз эне тилинин илимий тил болбогондугун айтып өткөн. Кыргыз илимпоз Асылбек Эшиев «Орто кылымдык иран-тажик жана орток түрк поэзиясындагы интеграциялык процесстер: гумандуулук идеялары» аттуу эмгегинде Абу Рейхан Бирунинин эне тили катары хорезм тилин көрсөткөн. Кандай болсо да, Бируни өз доорунун шарт-талабына жараша илимий эмгектерин араб тилинде жаратып, илим дүйнөсүндө араб тили аркылуу из салган. Ушул жерде баса белгилей кетчү нерсе, Абу Рейхан Бируни арапчадан сырткары грек, байыркы еврей, Сирия, парс, түрк тилдерин билген жана жашоосунун бир мезгилинде санскрит тилин да өздөштүргөн.
Бируни өзүнүн китептеринин биринде балалык чагында Кастагы хансарайда түркмөн карыя менен жолугушканын эскерип өткөн. Айрым илимпоздор ушул маалыматты негиз кылып алып, Бируни кичинекей чагында эле Афригийлер династиясынан чыккан хорезмшахтардын коргоосуна жана камкордугуна алынып, хансарайдагы тарбияны көрүп өскөн дешет.
Бируни белгилүү математик Абу Наср Ибн Ирактан таалим алган. Анын «устатым» деген сөздү бир гана Абу Наср Ибн Иракка карата колдонгону айтылып жүрөт. Бирунинин изилдөөчүлүк шыгы күчтүү болгону талашсыз. Ал астрономия жана география багытында маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимге салымын кошо баштаганда он жети гана жашында болгон. Жыйырма эки жаш курагында жердин модели болгон глобусту жасаган.
995-жылы Мамунийлер Кас шаарына чабуул жасап, Афригийлер династиясын кулатканда Абу Рейхан Бируни туулган жерин таштап Рей шаарына кеткен. Ушундан кийин ал Иран менен Турандагы Мансур Экинчи, Кабус, Абу Хасан Али ибн Мамун, Хорезмшах Абу Аббас Мамун сымал өкүмдарлардын камкордугу астына алынып, илимий изилдөөлөрүн жүргүзгөн. Бируни Хорезмшах Абу Аббас Мамундун кеңешчиси болуп да иштеген. Газневиддердин өкүмдары Махмуд Хорезмшахтын хансарайындагы аалымдарды өзүнүн кол алдында кызмат кылууга чакырганда Абу Рейхан Бируни өкүмдардын сунушун кабыл алган. Ошондо ал 44 жаштарында эле. Бируни бул жерде маанилүү илимий эмгектерин жараткан.
Бирунинин өлгөн жылы боюнча так маалымат жок. Айрым булактарга караганда ал 1051-жылы каза болгон.
Кадырлуу окурмандар, программабыздын бул бөлүгүндө улуу аалым Абу Рейхан Бирунинин эмгектери жана пикирлери тууралуу азыноолак сөз кылмакчыбыз.

Бируни чыныгы илимпоз-энциклопедиячы болгон. Ал астрономия, математика, физика, медицина, география, тарых илимдерин мыкты өздөштүрүп, бул багыттар боюнча жүз элүүдөн ашуун илимий эмгек жараткан.
Анын «Жылдыздар илими», «Маасудийдин мыйзамы», «Геодезия» аттуу китептери астрономияга арналып, аларда күн, ай жана планеталарга тиешелүү маалыматтар берилген. Бируни планеталардан Меркурий менен Венеранын күндөн алыс кетпегенин аныктаган жана ушунун негизинде бул эки планета күндүн айланасында айланса керек деген жыйынтыкка келген. Ал күн ушул эки планета менен бирге жерди айланат деп элестеткен болсо да, анын Меркурий жана Венерага тиешелүү 11-кылымдагы пикири гелиоцентрикалык теорияга карай коюлган алгачкы кадам эле. Бируни асмандын кыймылы Жердин өз огу айланасында айлануусунун натыйжасы болуп саналат деп баса белгилеген.
Бируни тарых илими боюнча жазган «Өткөн доорлордон калган эстеликтер» деген эмгегинде бир канча чыгыш элдеринин арабдарга чейинки өнүккөн маданиятынан кабардар кылган маанилүү маалыматтарды берген.
Нурбүбү Асипованын пикири боюнча, Бируни педагог деген сөздүн чыныгы мааниси жөнүндө ой жүгүрткөн. Анын «Тафхим» аттуу китеби көптөгөн педагогикалык артыкчылыкка ээ болуп, окуучулар үчүн окуу китеби катары пайдаланылган. Бул эмгегинде ал окуучунун алдына мааниси толук ачылбаган суроолорду коюу менен аны ойлонтуу жана эркин жооп издетүү керектигин айткан.
Баса белгилей кетчүү дагы бир нерсе, айтылуу дарыгер Ибн Сина Бирунинин замандашы болгон жана Бируни менен Ибн Сина илимий маселелер боюнча суроо-жооп каттарын алышып турушкан. Эки аалым мейкиндик, кыймыл, дүйнөнүн түзүлүшү, асман телолорунун формалары, боштук, нерселердин өзгөрмөлүүлүгү, бөтөн дүйнөдөгү жашоо, атомдордун бөлүнүшү өңдүү маселелер жөнүндө жазуу жүзүндө өз ара талкуу жүргүзүшкөн.





















Бируни, Абу Райхан

Бируни (Беруни), Абу Райхан (979, Хорезмден алыс эмес Кят деген жерде туулган-1048) - Орто Азиялык илимпоз-энциклопедиячы, ойчул, 160тан ашуун илимий эмгектери болгон. «Геодезия», «Минерология», «Хронология», «Индия», «Масуд Канону» ж. б. «Хронология» деген эмгегинде дүйнөдө биринчилерден болуп, Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүндө колдонулган жыл санактар системасы, алардын өзгөчөлүгү, түрдүү элдердин үрп-адаты, салт-санаасы терең изилденген. Бернштам грек,латын, араб, фарсы, түрк, хинди, ж.б. тилдерди өздөштүргөн. Байыркы замандын окумуштуулары (Пифагор, Сократ, Платон, Аристотель, Гален, Птоломей) жөнүндө илимий эмгектерди жазган. Анын эмгектери табият таануу жана коомдук илимдердин тармактарын изилдөөгө багытталган. Бернштам поляк окумуштуусу Николай Коперниктен дээрлик 500 жыл мурда эле асман телолорун, аалам түзүлүшүн, күн системасын окуп үйрөнүп, жер шар формасында экендигин жана ал өз огунда айлануу менен күндү тегеренип жүрөт деген тыянакты илимий түрдө далилдеген. Д. Менделеевден 1000 жыл мурда көптөгөн металл, минерал жана химиялыкзаттардын салыштырмалуу салмагын изилдеп, так эсептеп чыккан. Биринчилерден болуп жер шарынын радиусун эсептеп чыгып, ал 40 миң км түзөт деп жазган жана Жер шарынын глобусун жасаган. Анын пикири боюнча, күн бул жанып турган от. Ал бөлүп чыгарган нурдун ылдамдыгын билүү өтө кыйын, аны үндүн гана ылдамдыгына теңеп билүүгө мүмкүн. Бирок ал андан да чоң ылдамдыкта жүрөт деп эскерткен. Тарых илими боюнча да бир канча эмгектеринде 7-кылымдагыМуканнанын көтөрүлүшү, карматтар кыймылы жөнүндө маалыматтар камтылган. Кыргыздарды тили боюнча түрк элдерине кошуларын жана өздөрүнүн падышасын кан же хан деп аташарын эскерткен. Анын эмгектери англис, араб, орус, өзбек тилдерине которулган.

Берину, Бируни Абу Райхан (979, Хорезмден алыс эмес Кят деген жерде туулган-1048) - орто азиялык илимпоз-энциклопедиячы, ойчул. 160тан ашуун илимий эмгектери болгон. «Геодезия», «Минерология», «Хронология», «Индия», «Масуд Канону» жана башка «Хронология» деген эмгегинде дүйнөдө биринчилерден болуп, Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүндө колдонулган жыл санактар системасы, алардын өзгөчөлүгү, түрдүү элдердин үрп-адаты, салт-санаасы терең изилденген.

Беруни грек, латын, араб, фарсы, түрк, хинди, жана башка тилдерди өздөштүргөн. Байыркы замандын окумуштуулары (Пифагор, Сократ, Платон, Аристотель, Гален,Птоломей) жөнүндө илимий эмгектерди жазган. Анын эмгектери табият таануу жана коомдук илимдердин тармактарын изилдөөгө багытталган.

Берину поляк окумуштуусу Николай Коперниктен дээрлик 500 жыл мурда эле асман телолорун, аалам түзүлүшүн, күн системасын окуп үйрөнүп, жер шар формасында экендигин жана ал өз огунда айлануу менен күндү тегеренип жүрөт деген тыянакты илимий түрдө далилдеген. Д. Менделеевден 1000 жыл мурда көптөгөн металл,минерал жана химиялык заттардын салыштырмалуу салмагын изилдеп, так эсептеп чыккан.

Биринчилерден болуп жер шарынын радиусун эсептеп чыгып, ал 40 миң км түзөт деп жазган жана Жер шарынын глобусун жасаган. Анын пикири боюнча, күн бул жанып турган от. Ал бөлүп чыгарган нурдун ылдамдыгын билүү өтө кыйын, аны үндүн гана ылдамдыгына теңеп билүүгө мүмкүн. Бирок ал андан да чоң ылдамдыкта жүрөт деп эскерткен.

Тарых илими боюнча да бир канча эмгектеринде 7-кылымдагы Муканнанын көтөрүлүшү, карматтар кыймылы жөнүндө маалыматтар камтылган. Кыргыздарды тили боюнча түрк элдерине кошуларын жана өздөрүнүн падышасын кан же хан деп аташарын эскерткен. Анын эмгектери англис, араб, орус, өзбек тилдерине которулган.



© 2010-2022