Кыргыз тилин экинчи тил катары уйротуунун стратегиялары тууралуу

Раздел Другое
Класс -
Тип Презентации
Автор
Дата
Формат doc
Изображения Нет
For-Teacher.ru - все для учителя
Поделитесь с коллегами:

Сулайман Рысбаев, профессор

Мамлекеттик тилибизди үйрөтүүнүн заманбап

стратегиялары кандай болууга тийиш?

Мамлекеттик тилибизди талаптагыдай үйрөтүү-биздин мамлекеттик парзыбыз. Тилибизди көтөрүү- мамлекетибиздин, улутубуздун кадыр-баркын, аброюн көтөрүү менен бирдей экендигин жеткире ойлонсок, анда биз улутубуздун жана мамлекетибиздин алдында чоң жоопкерчилигибизди сезген болобуз. Ал эми Кыргызстанда жашаган, иштеген ар бир улуттун өкүлдөрүнүн да мамлекеттик тилди талаптагыдай үйрөнүүсү - алардын атуулдук парызын аныктайт.

Мына ушундай шарттар эске алынып, 2013-жылы Респубикабыздын Президентинин белгилүү указы менен «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди үйрөнүүнү жакшыртуу жана тил саясатын өркүндөтүү» аттуу атайын мамлекеттик документ жарыяланды. Бул документ республикабыздын коомчулугун, анын ичинде тилчи окумуштууларды ордунан тургузуп, Кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнүн деңгээлдик системасын, анын негизги талаптарын аныктап чыгууга киришүү башталып отурат.

Ал иш адегенде эмнеден башталды? Ал Билим берүү жана илим министрлигинин алдында «Кыргызтест» мекемеиннин ишинин өркүндөөсү, Кыргыз билим берүү академиясында Кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнүн деңгээлдик концепциясы аттуу документтин иштелип чыгуусу, андан ары «Билим берүү жана социалдык интеграция» аттуу долбоордун негизинде атайын жумушчу топ түзүлүп, Кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнүн деңгээлдеринин талаптары аттуу документти иштеп чыгууга киришүү менен активдешти. Бул топто илимдин докторлору жана практик мугалимдер катышып, Кыргыз тест уюму менен биргеликте кыргыз тилин үйрөтүүнүн деңгээлдеринин А,В,С) бир катар маселелери чечилди -десек болот. Тактап айтканда, деңгээлдик негизде кыргыз тилин үйрөнүүнүн негизги талаптары, грамматикалык-лексикалык минимумдар, сүйлөшүү чөйрөлөрү, анын дидактикалык мүнөздөмөлөрү, урунттуу талаптары аныкталып калды.

Албетте, аталган документтер республикабызда жашаган башка улуттун өкүлдөрү менен бирге, чет жактан келген жарандарга кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнүн инновациялык негиздери, тактап айтканда жаңы стратегиялар жана технологиялар болмокчу.

Бул багыттагы иштердин негизинде өткөн жылы (2014-ж.) Республикабыздын окуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүүчү мектептердин 1-11-кластарында кыргыз тилин үйрөтүүнүн предметтик стандарты Кыргыз билим берүү академиясында иштелип чыгып, министрлик тарабынан бекитилди. Аталган стандарты түзүүдө Республиканын мектептеринде кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнү өркүндөтүүнүн концепциясындагы (2012-ж.) урунттуу жоболор эске алынган. Эми бул идеяларга таянып, мектептин окуу программасы толук түрдө кайра иштелип чыкмакчы.

Андай болсо, алдыбыздагы негизги милдет - жогоруда аталган стратегиялык багыттарга таянуу менен, мамлекеттик тилибизди мектепте үйрөтүүнүн заманбап багыттарын тандап алуубуз керек.

Биздин оюбузча, ал стратегиялык багыттар мындай болмокчу.

1-стратегия: Кыргыз тилин үйрөнүүнүн интенциялары. Ал төрт багытта болмокчу.

А).Байланыштыруучу интенциялар (кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон ички ынтаа, каалоо ниети): учурашуу, таанышуу, башка бирөөнү тааныштыруу, нерсени сурап алуу, маалыматты сурап билүү, кечирим суроо, уруксат суроо, куттуктоо, чакыруу, коштошуу ж.б.

Б).Маалыматтык интенциялар: аты-жөнүн, ким экенин айтып билдирүү, үй-бүлөсү тууралуу айтуу, жашаган, окуган жери тууралуу маалымат берүү, иштеген иши, анын мүнөзү тууралуу түшүндүрүү, жаш-курагын айтып билдирүү, улуту тууралуу маалымат берүү, кайдан келгенин билдирүү, жашаган, турган дарегин айтуу, жакындары, досу тууралуу айтып берүү, жакын адамдарынын ким жана кесиби тууралуу маалымат бере алуу, кызыгуулары тууралуу ой бөлүшүү, нерсенин эмне экенин айтып билдирүү, кимдин, эмненин кайда тургандыгын айтып билдирүү, кимдин, эмненин кайда баратканын айтуу, нерсенин кимге жана каякка таандык экенин билдирүү, нерсенин эмне экенин айтып билдирүү, кимдин, эмненин кайда тургандыгын айтып билдирүү, кимдин, эмненин кайда баратканын айтуу, жыл мезгилдерин, табиятты, анын көрүнүштөрүн баяндап, сүрөттөп айтып берүү, убакытты, күндүн, жуманын, айдын сан-иретин айтып билдирүү, ж.б.

В).Аныктоочу, мүнөздөөчү интенциялар: кимдин, эмненин кандай экенин мүнөздөө, нерсенин канча экенин аныктоо, нерсенин кимдики экенин аныктоо, иш кантип аткарылганын мүнөздөө.

Г).Жеке мамилесин билдирүүчү интенциялар: маалыматка макул экенин билдирүү, бирөөнүн оюна каршы экенин билдирүү, маалыматтын туура же туура эместигин далилдөө, бирөөгө ыраазы экенин айтуу, нааразы экенин айтуу, нерсенин бар же жок экенин айтуу, ж.б.

Мына ушул А1 денгээлинин интенцияларына жараша сүйлөшүү чөйрөлөрү аныкталып, аларга жараша тексттин тематикалары тандалып алынышы шарт.

2-стратегия: Пикир алышуу, сүйлөшүү чөйрөлөрү жана тематикалар.

А)Өздүк жана күндөлүк турмуш-тиричилик чөйрөсү боюнча: -өзү жөнүндө, улуту, туулган жана жашаган, окуган жери, үй-бүлөсү, туугандык байланыштар, жакындары, достору, кесиптештери, үй, үй турмушу, күндөлүк эрежелер, сатып алуу, кызыгуулар, мезгил, убакыт.

Б). Социалдык- маданий чөйрө: өлкө, мамлекет; шаар, айыл, көчө, маданий мекемелер: китеп дүкөнү, стадион, кино-театрлар, китепкана, зоопарк, ж.б.

В).Окуу-билим чөйрөсү: мектеп, класс, окуу жайлары, аудитория, кеңсе товарлары, окуу процессии, окуу иштери.

Г). Эмгек жана кесип чөйрөсү: кесиптер, алардын түрлөрү, кесип ээлери тууралуу маалымат (мугалим, врач, учкуч,уста…).

Бул чөйрөлөрдүн ар бири баланын күндөлүк турмушуна жана тил үйрөнүү деңгээлдерине жараша пайыздык катышына жараша бөлүштүрүлөт. Тактап айтканда, адегенде балага кайсы чөйрө жакыныраак, мисалы: өздүк жана күндөлүк турмуш-тиричилик чөйрөсү көбүрөөк, андан соң окуу-билим чөйрөсү аны улантат, андан соң коомдук -маданий чөйрө тууралуу маалымат берилүү менен, анан кесип жана эмгек чөйрөсү улантып жыйынтыктайт, ж.б.

3-стратегия: Тил үйрөнүү деңгээлдери. Алгачкы деңгээи- А1, жөнөкөй деңгээл, ал кыргыз тилинде сүйлөшүү көндүмдөрүнө алгач ирет машыгууга багыттоочу мезгил катары мүнөздөлөт. Бул мезгил мектепте 1-4-класстарды камтыйт да, башталгыч мектепти бүтүргөн башка тилдүү баланы кыргызча эң жөнөкөй коммуникативдик жана тилдик көндүмдөргө ээ кылуу менен жыйынтыкталат. Тактап айтканда, окуу материалдары сүйлөшүүгө машыктыруучу жөнөкөй кырдаалдар түрүндө берилип, ал иштер лексикалык чакан минимум жана грамматикалык жөнөкөй формаларды камтымакчы. Ал деңгээлдин бардык талаптары стандартта жана атайын иштелип чыккан деңгээлдик талаптарда кенен чагылдырылат.

А2, орто деңгээли тилдик жана сүйлөшүү көндүмдөрүнө, сабаттуулукка калыптандыруу, активдештирүү мезгили катары мүнөздөлүп, негизинен 5-9-класстарды камтыйт. Бул деңгээлде окуучулар буга чейинки (башталгыч класстарда) ээ болгон көндүмдөрдү бекемдеген, кадыресе сүйлөшүү көндүмдөрүнө ээ болгон мезгил катары бааланат.

Бул класстарга сүйлөшүү жана жазуу кебибиздин негизин түзгөн лексикалык кор, анын сөз түркүмдөрүн кептеги кызматына жараша окуп-үйрөнүү жана аны кебинде кырдаалдарга ылайык колдонууну камтыган айрыкча мезгилге туура келет. Мында лексикалык материалдар аркылуу улуттук маданиятты, салтты, ж.б. таанып-билүү иш-аракеттери да активдешет жана балдарды чыгармачылык менен иштөө жолуна багыт берет.

В1-Ортодон жогорку деңгээлди камтыган окуучулардын өз алдынча чыгармачыл ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүү мезгили катары мүнөздөлүү менен, 10-11-класстарды камтыйт. Мурдагы класстардан бир кыйла активдешкен жана жоопкерчилиги жогорулаган, мектеп деңгээлин жыйынтыктаган мезгил катары баалант. Бул мезгилде окуучулар кыргыз тилин синтаксистик негизде, т.а. тилдик материалдарды функционалдык негизде үйрөнүү менен, сүйлөөгө сүйлөшүү аркылуу, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө үйрөнүү принцибинде иштөө активдешет. Окуучулар сүйлөм аркылуу оюн айтууга, текст аркылуу бүтүн пикирин билдирүүгө, күндөлүк түрдүү турмуштук жана окуу кырдаалдарына ылайык сүйлөшүүгө жетишишет.

4-стратегия: Сүйлөшүү деңгээлдерине жараша кеп ишмердигинин мүнөздөмөлөрү, т.а. дескрипторлор. Мында кеп ишмердүүлүгүнүн төрт багыты, т.а. угуп тушүнүү, окуп түшүнүү, сүйлөө жана жазуу көңүлгө айрыкча аланат. Алардын ар бири сүйлөшүү чөйрөлөрүнө жана деңгээлдерине жараша жетишиле турган талаптары менен бирге түзүлөт.

5-стратегия: Ар бир деңгээлдерге жараша лексикалык, тематикалык жана грамматикалык минимумдар. Лексикалык-грамматикалык минимумдар дагы жогоруда аталган сүйлөшүү чөйрөлөргө жана деңгээлдерге жараша тандалган сүйлөшүү тематикаларына жана кырдаалдарына ылайык түзүлөт. Бул минимумдарга жыш колдонулган сөз айкаштары, синонимдер, антоноимдер жана да сүйлөшүү этикетинин үлгүлөрү камтылат.

Ошондо да, эскерте кетүүчү нерсе, кыргыз тилине бөлүнгөн сааттардын көлөмүнө ылайык жана бир саатта үйрөнүлө турган активдүү сөздөрдүн чегине жараша (мисалы, мектепте бир сабакта 5-7 активдүү сөз, ал эми кыргыз тилин үйрөнүүчү чоң адамдардын кыска мөөнөттүү тездетип үйрөтүү курсатында 20-25ке жакын активдүү сөздөр сунушталуу менен) ар бир деңгээлге ылайыкталып лексикалык минимум такталат.

6-стратегия: Тил билүү деңгээлин өз алдынча баалоо шкаласы. Бул шкала дагы өзүнө сүйлөшүү чөйрөлөрү менен деңгээлдерди жана да кеп ишмердүүлүгүнүн бардык багыттарын бирге камтыйт. Ал-жогоруда аталып өткөн кеп ишмердигине ылайык сүйлөшө билүү деңгээлдерине коюлуучу талаптар кандай деңгээлде ишке ашып жатат, баланын сүйлөй билүү деңгээли талаптарга туура келеби, ошону туюнткан жана текшерген мониторинг сыяктуу кызмат аткарат. Дескриптордо берилген мүнөздөмөлөргө ылайык ар бир окуучу мындай баалоо шкаласынын талаптарына жараша өзүнүн сүйлөй алуу деңгээлин өзү аныктайт.

Сөзүбүздүн соңунда айтарым, учурда бул аталган стратегияларга таянып, Кыргыз билим берүү академиясынын мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясында кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнүн деңгээлдик-системалык негиздери тууралуу бирдиктүү талаптар иштелип чыгууда. Ал документ мамлекеттик тилибизди мектепте мындан ары окуп-үйрөнүүнү жаңылоого жана андан ары өркүндөтүүгө кызмат кылат деген ойдобуз.



© 2010-2022